Биз менен байланышыңыз

Эрдоган Путин менен Сочиде жолугат

Дүйнө | 17 Сен 2018 | 847 | 0

Бүгүн, 17-сентябрда, Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган Орусия президенти Владимир Путин менен Сочиде жолугат. Бул тууралуу Түркиянын Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу Пакистандагы расмий сапарынын жүрүшүндө билдирди.

Анын айтымында, тараптар Сириянын Идлиб провинциясындагы маселени чечүү багытында иш алып барууда.

«Биз Иран жана Орусия менен бирдиктүү иш-аракеттерибизди улантабыз. Ошондой эле эл аралык платформанын алкагындагы иштерди да токтотпойбуз», — деди Чавушоглу.

Белгилей кетсек, Идлиб шаарында үч миллиондой адам жашайт. Алардын 1,5 миллиону Сириянын башка аймактарынан жер которуп келген. Бул шаарда Сириянын расмий бийлигине каршы күрөшкөн согушкерлердин негизги күчү жайгашкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM