Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда мигранттардын ичинен кытайлардын саны көп

Кыска кабар | 17 Сен 2018 | 758 | 0

Кыргызстанда чет элдик мигранттардын 79 пайызын кытай жарандары түзөт. Бул тууралуу мамлекеттик миграция кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, өлкөдө 8 миң 679 Кытайдын жараны катталган. Түркиянын 650 жараны, Кореядан 224, Пакистандан 171, Вьетнам, Өзбекстан жана АКШдан жалпы 450дөй жаран катталган.

Кыргызстанда иштөө үчүн дүйнөнүн 88 өлкөсүнө уруксат берилген. Көпчүлүк чет элдиктер өнөр жай жана курулуш тармагында эмгектенишет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM