Биз менен байланышыңыз

Акматалиев: Орусиянын түрк тилдүү элдер менен болгон алакасы маанилүү

Кыска кабар , Пикирлер | 4 Сен 2018 | 956 | 0

Түрк тилдүү элдердин саммитине чогулуу «Орусияга каршы чыгуу» деген эмес. Муну Орусия дагы түшүнүп, айланасындагы түрк тилдүү мамлекеттер менен жакшы алакада болуусу маанилүү. Мындай пикирин саясат талдоочу Алмаз Акматалиев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, тышкы саясат ар бир мамлекеттин ички саясатынын уландысы. Азербайжан, Түркия менен болгон ымала бузулса Орусия Түрк кеңешине терс көз карашта болуп калышы мүмкүн.

Ал эми Түркмөнстан менен Өзбекстан Түрк тилдүү элдердин саммитине тереңдеп кирбейт.

Акматмлиев глобалдык саясаятка аралашуу үчүн ири кеңештерге кирип, уюмдарга мүчө болуу абзел экенин белгилейт.

«XXI кылым эл аралык мамиледе ар кандай биригүүлөрдүн доору окшойт. Ааламдашууда Евробиримдик, ЕАЭБ сыяктуу уюмдарга кошулбай калуу мүмкүн болбой калды. Биз бир жылда Казакстан, Түркия, Азербайжан менен болгон мамилени бузуп алдык. Бирок бул мындай уланбайт эле. Азыр эми ал салгын мамилени оңдогонубуз президенттин, тышкы саясатка жооптуулардын эмгеги,» -дейт Акматалиев.

Анын пикиринде, технология боюнча борборлорду түзүп, илимий иштер жасалса Түрк кеңеши таасирдүү уюмга айланышы мүмкүн.

Эске салсак, кечээ, 3-сентябрда Кыргызстандын төрагалыгынын астында Түрк тилдүү мамлекет башчыларынын VI саммити өттү. Ага Түрк кеңешине мүчө мамлекеттердин президенттери толук катышты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM