Биз менен байланышыңыз

Канат Азиз: Өкмөттүн курамы өзгөрүшү мүмкүн

Кыска кабар , Пикирлер | 4 Сен 2018 | 1167 | 0

Күзүндө өкмөттүн курамы, Жогорку Кеңештин төрагасы өзгөрөт деген сөздөр чындыкка жакын. Мындай пикирин саясий жана юридика илимдеринин доктору, юрист Канат Азиз «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

«Меселе өкмөттө, ошондуктан реформаларды өкмөт ишке ашыруусу зарыл. Аларга мүмкүнчүлүк берилди. Өкмөт бул аралыкта жыйынтык көрсөтүшү керек болчу. Жасалган иштерди эл көрбөй жатат. Ошондуктан күзүндө өкмөттү алмаштыруу маселеси көтөрүлүп калуусу мүмкүн», — дейт Канат Азиз.

Анын айтымында, мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун аракет менен кошо популисттик кадамдары да көп болду. Эми азыркы өкмөт башчы Мухамедкалый Абылгазиев да жасаган жумуштарын коомчулукка көрсөтүп турушу зарыл.

«Бейөкмөт уюмда иштегенде өкмөттүн көйгөйлөрү билинбейт. Меселе качан гана аткаруу бийлигине келип, системанын ичине киргенде гана билинет. Ак үйдүн жанына барып кыйкырган башка, маселени билүү башка нерсе», — дейт Канат Азиз.

Ал буга кошумча, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин 31-август күнү борбордук аянтка келбей койгонун да сынга алды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM