Биз менен байланышыңыз

Тажибаев: Кыргыз-түрк мамилесинин келечеги жакшы

Кыска кабар , Пикирлер | 4 Сен 2018 | 849 | 0

«Түрк тилдүү элдердин кызматташтык кеңеши өтүп кыргыз-түрк мамилелери жакшы нукка багыт алды.» Мындай пикирин саясат таануучу Алмаз Тажыбай «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, кыргыз-түрк мамилесинин келечеги жакшы. Аны бузбай сактап калуу зарыл. Алдыда маданий, социалдык жаатта мамилелер өнүгө берет.

«Кыргызстандын экономикалык кызыкчылыгын сактап калуу зарыл. Эки эл бири-бирибизге керекпиз. Экономиканы түптөгөн бул — билим. Ал эми билимдин түпкүрүндө маданият бар», — дейт Алмаз Тажыбай.

Анын пикиринде, Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы саясий мамилелер 2016-жылы солгундап кеткени менен гуманитардык, социалык байланыштар уланып келген.

«Түркиянын тышкы саясаты өлкө лидери Эрдоган менен түз байланышта. Себеби ал авторитардык бийликти колуна алды. Эрдоган амалкөйлүүлүк менен Орусиянын куралдарын сатып алып, аталган өлкө менен жылуу мамиле түздү. Эми акырындык менен биздин регионго келип калды. Кыргызстан Түркияга оңой мамлекет катары көрүнүп жаткан болушу мүмкүн. Бирок андай эмес. Биз демократиялуу жол менен өнүгүп жатсак, Түркия артка кетип, авторитардык режимге өтүп кетти», — дейт Тажыбай.

Ал белгилегендей, Түркия доллардан баш тартып, улуттук валютасы лирага өтүп кетсе өлкөнүн экономикасына балта чабат. Аталган өлкө географиялык жактан Батыштын эң жакшы аймагында жайгашкандыктан карыздарынан толук кутула алат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM