Биз менен байланышыңыз

Өмүракунов: Түркиядан ири инвестициялык долбоорлорго үмүт артпоо зарыл

Кыска кабар , Пикирлер | 4 Сен 2018 | 784 | 0

Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы соода алмашуунун көлөмүн 1 млрд долларга жеткирүүгө азырынча шарт жок. Анткени Түркиянын 500 млрд долларга жакын мамлекеттик карызы бар. Мындай пикирин “Саресеп” коомдук-аналитикалык сайтынын башкы редактору  Эсен Өмүракунов «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Түркиянын банктары сырттан акча ала албай калган. Андыктан түрк өкмөтүнөн ири инвестициялык долбоорлор келет деп үмүт артпоо зарыл. Себеби Түркиянын экономикасы абдан оор абалда.

«Түркиялык ишкерлер дагы өлкөдөн чыга баштады. Долларга каршы кандайдыр бир биригүү бар. Бирок Түркиянын лирасына эч ким эч нерсе сатпайт. Көп чийки зат доллар менен бааланып сатылат. Ошондуктан түрк бийлигинин долларды сүрүп чыгарып коюп, жалаң лираны колдонуусу болбойт. Анткени доллар менен иштешүүгө банктар да, ишкерлер да муктаж», — дейт Өмүракунов.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM