Connect with us

Кыргыз-түрк мамилеси: «жаракадан» жакшы алакага карай…

Саясат | 3 Сен 2018 | 4589 | 0

1-август күнү Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган өзүнүн расмий визити менен Кыргызстанга келди. Түркиянын биринчи айымы Эмине Эрдоган жандап келген түрк лидерин президент Сооронбай Жээнбеков жана жубайы Айгүл Токоева тосуп алды.  “Манас” аба майданында ардак кароол тизилип, ал жерде эки өлкөнүн гимни жаңырды.

Өлкө башчылары сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясына сапар алышты. Түрк делегациясынын курамы менен тааныштыра турган болсок, президент жана биринчи айым менен бирге Тышкы иштер министри Мевлүд Чавушоглу, Улуттук коргоо министри Хулуси Акар, Үй-бүлө, эмгек жана социалдык кызматтар министри Зехра Зүмрүт Селчук, Экономика министри Рухсар Пекжан, Жаштар жана спорт министри Мехмет Мухаррем Касапоглу келди. Алгач өлкө башчылары тар чөйрөдө сүйлөшүү жүргүзүп, андан кийин тиешелүү министрлердин, ведомство жетекчилеринин катышуусунда улантышты. Анда президент Сооронбай Жээнбеков келген делегацияга ыраазычылыгын билдирип, кыргыз-түрк мамилеси мындан ары жандана тургандыгын айтты. Ошондой эле алаканын негизги багыты соода-сатык тармагы болорун да белгилеп өттү.

-Түркия Кыргызстандын сырткы соода чөйрөсүндө ири экономикалык өнөктөштөрдүн бири катары өзгөчө орунду ээлейт. Соода жүгүртүүнүн көлөмүн 1 млрд долларга көтөрүү боюнча бардык дараметтерибизди жумшоо зарыл. Соода-экономикалык байланыш боюнча биргелешкен комиссиянын маанилүү ролун белгилеп, жакынкы күндөрдө кийинки жыйынды өткөрүү керек. 

Максат: 1 млрд доллардык соода жүгүртүү

Конок президент Эрдоган да сөз сүйлөп, эки мамлекеттин достугунда жаңы барак ачылып жатканын жар салды. Соода алмашуунун көлөмүн 1 млрд долларга жеткирүү ниетин колдой турганын айтып, ал үчүн кыргыз бийлигинен түркиялык ишкерлерди колдоп, алар үчүн керектүү шарттарды түзүп берүүнү суранды. Ошондой эле ал Түркияны аэропорт  курууда жана бул жаатта бир топ тажырыйбалуу экенин белгилеп, Кыргызстанга аталган багыт боюнча жардам берүүгө даяр экендигин айтты. Режеп Тайип Эрдоган сөз сүйлөп жатып буга чейин айтылып келген “Маариф” фондун ачуу боюнча маселеге токтолду.

-“Маариф” фондун түзүүгө макулдук берилиши менен биздин ишибизди дагы да жеңилдеп, кыргыз-түрк мамилесинин ортосундагы кызматташуу дагы да бекемделет. Жыйынтыктап айтканда, саясий-экономикалык, социалдык жана маданий жактар боюнча Кыргызстан менен болгон кызматташуубузду бекемдөө ниетибиз бар. Экономикалык жактан колдоо көрсөтүп, социалдык жактан өнүгүүгө да салым кошкубуз келет. Саламаттык боюнча айта турган болсок, буга чейин болуп келгендей эле кыргызстандыктарды Түркияда акысыз дарылоону уланта бермекчибиз.

Кайра эле Гүлен темасы

Эрдоган дайымкысындай эле бул сүйлөшүүдө да Түркия террордук топ деп атап алган, диний ишмер Фетхуллах Гүлендин тарапташтары боюнча да үн катты. Ал өз сөзүндө аталган жамаатка каршы күрөш боюнча да сүйлөшүү жүргөнүн айтты.

-ФЕТӨнүн Кыргызстанда дагы эле ишмердүүлүгүн улантып жатышы менен биздин башыбыздан өткөн 15-июлдагы окуя Кыргызстанда орун албашын каалайбыз. Бул маселени чечип, башка иштерге өтүүбүз эки тарап үчүн да өз пайдасын берет.

Президент Сооронбай Жээнбеков Эрдогандын мындай пикиринен кийин Кыргызстанда да бул боюнча иш жүрүп жатканын айтты. Мурдагы “Себат” лицейлери “Сапат” болуп өзгөртүлүү менен Билим берүү министрлигинин карамагына өткөнүн да кошумчалады.

-Биз бул боюнча көп иштерди аткардык. “Себат” лицейлерин “Сапатка” айлантып, ишмердүүлүгү толугу менен мамлекеттин көзөмөлүндө турат. Андан сырткары Билим жана илим министрлиги ал окуу жайдын уюштуруучуларынын курамына кирген. Окутуу процесстери толугу менен көзөмөлдөнүүдө. Биз – боордош өлкөлөрбүз. Биздин жарандар Түркияга зыян алып келчү кыянаттык иштерге барбайт. Эгер кыргыз-түрк мамилесине доо кетирчү аракеттер болсо, андай адамдар катуу жоопкерчиликке тартылат. Президент катары өз көзөмөлүмө алам.

“Кереге” фондунун координатору Искендер Ормон уулунун баамында, президент Жээнбеков муну менен эки жактан тең утушка ээ болду. Бирок Түркиянын “Маариф” фонду буга чейин эмнеге ачылбаганына, же ачуу боюнча демилге көтөрүлбөгөнүнө таң экенин айтты. Эки жакка тең берилген мүмкүнчүлүк өлкө үчүн да пайдалуу деп эсептерин белгиледи.

-Зобололуу өлкөнүн президенти келип, ар жыйында эле ошол маселени көтөрүп жаткандан кийин үй ээси болуп туруп колдобой койгон да бир жагынан туура эмес болуп калат. Ошого карабастан, мамлекеттин кызыкчылыгын эске алып, чындыкты айтып, ал мекеме көзөмөл астында экенин белгиледи. Бул “Сапат” өз ишмердүүлүгүн азыркы жол менен уланта берерин, ошол эле учурда “Маарифке” да мүмкүнчүлүк берилерин көрсөтүп тургандай. Бул позиция менен президент да, мамлекет да утат.

Саясий серепчи Эмил Жураев кыргыз-түрк мамилеси жаңы этапка көтөрүлгөнүн, жаңылануу болгонун айтат. Бирок түрк лидери Эрдоган Фетхуллах Гүлендин тарапташтарына каршы күрөшүүнү өзүнө принцип катары санарын, бул боюнча Кыргызстанга да улам сунуш киргизиши мүмкүн экенин болжойт. Анткени эки өлкөнүн мамилесинин солгундашына да себеп болгон жагдай ушул болгон деп, Кыргызстан үчүн кандай чечим кабыл алуу маанилүү экендигин айтты.

-Кыргызстандын кызыкчылыгы үчүн эки жакты тең сактап калуу өтө маанилүү. Бирок Эрдоган өзүнө Фетхуллах Гүленге каршы күрөштү принципиалдуу максатка айлантып алган. Бул боюнча кандай сөздөр жүргөнү ачык айтылган жок. Учуру менен ал кайра ушул теманы көтөрүшү мүмкүн. Ушуну менен жабылып каларына ишенбей турам. Кыргызстан мамлекет катары Түркия менен жакшы мамиледе болгонубуз дурус. Бирок алардын Гүленге тиешеси бар деген адамдарды, уюмдарды толугу менен жок кылуу – өлкө үчүн алгылыксыз чечим.

Эки тараптуу жолугушуудан соң 12 документке кол коюлду. Анда “Маариф” фондун ачуу, медициналык жактан көмөк көрсөтүү, аскердик жана аскердик техникалык тармакты өнүктүрүү боюнча келишим, меморандумдар болду. Эки өлкөнүн достугун белгилеген мамлекеттик оорукананы ачуу дагы каралган.

«Кыргызстан бизнес үчүн ыңгайлуу»

Президенттер 2-сентябрь күнү Кыргызстан-Түркия бизнес форумунда жолугушту. Ага эки өлкөнүн ишкерлери да катышып, кызматташуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү. Сооронбай Жээнбековдун берген маалыматына ылайык, акыркы 23 жыл ичинде кыргыз-түрк соода көлөмү 18 эсеге өсүп, 356 млн АКШ долларын түздү. Азыркы учурда 600дөй биргелешкен кыргыз-түрк ишканалары иш алып барууда. Өлкөдө бизнес үчүн ыңгайлуу шарттар каралганын айтып, аларды санап өттү. Кыргызстанда кошумча нарк салыгы 12%ды, пайдага салык 10%ды, киреше салыгы 10%ды түзөт. Ошондой эле өкмөт аныктаган калктуу конуштарда киреше, мүлк жана жер салыгынан 5-10-жылга бошотулат. Ошондой эле жумушчу күч менен электр энергиясын кымбат эмес баада колдонууга шарт бар.

Аталган иш-чарада Эрдоган да сөз сүйлөп, түркиялык ишкерлерди Кыргызстанга инвестиция салууга чакырды. Ошондой эле АКШ менен болгон тирешүулөрдүн айынан доллар боюнча маселе жаралганын айтып, чечүү жолу катары сунушун берди.

 Кыргызстанда 300 түрк ишканасы бар жана мунун арты менен 5000 жумуш орду түзүлгөн. 2013-жылы соода алмашууну 1 млрд долларга жеткирүүнү максат кылганбыз. Бирок кыргыз-түрк элинин жашоочуларын кошуп санаганда, 87 миллиондук бир тууган өлкөлөр үчүн азыркы соода алмашуу көлөмү жетишсиз. Бул көрсөткүчтү жогорулата тургандар — ишкерлер. Алардын көп эмгектенип, иш алып баруусу соода алаканын жакшырышынын бирден бир жолу болуп саналат. Бул жерден түркиялык ишкерлерге кайрылам, Кыргызстан – дос жана бир тууган өлкө. Бул жакка инвестиция салууда Кыргызстанды эле эмес Евразияны эске алгыла. Кытайга соода жүгүртүүгө мүмкүнчүлүк бар экени да эсиңеде болсун. Азыркы учурда бизде доллар боюнча чоң маселе жаралды. Бизде эле эмес эл аралык соода-алаканын долларга болгон көз карандуулугу артып жатат. Биз эки өлкө улуттук валюталарды колдонуу менен бул көрсөткүчтү төмөндөтүунү көздөп жатабыз. Орусия менен соода алакада түрк лирасын жана рублди колдонууну сүйлөшөбүз.

Экономист Эркин Абдыразаков эки тарап максат кылып жаткан 1 млрд доллардык соода көлөм көбүнчө түркия тараптан болорун белгилейт. Анткени Кыргызстанда чоң көлөмдө сата турган өндүруштөрү жокко эсе. Бирок азыркы учурда түркияга сатылып жаткан төөбурчактын баасын көтөрүп, жана балдарды экспорттоого мүмкүнчүлүк бар. Ошондой эле аталган өлкөнү колдонуу менен башка мамлекеттерге чыгуунун жолун кароого болот. Түркия сунуштаган улуттук валютаны колдонуу боюнча да пикирин билдирди.

-Кытайга жаңгак, балдарды сатабыз деп көлөмдүн аздыгынан калып калган. Ошол азыктар боюнча сүйлөшүп, Түркияга экспорттоого болот. Ошондой эле түрк ишкерлери Таластын төөбурчактарын келип Европага алып кетишет. Бирок андагы баа төмөн экенин билебиз. Ошону жогорулатуу боюнча да маселени караш керек. Түркия АКШ менен алакасы бузулгандан кийин соодада өзүнүн валютасына ыктап жатат. Бирок бизде түрк лирасына суроо-талап жок. Мамлекеттик банктар гана кепилдик алып, импорт-экспортто колдонгону болбосо, жеке ишкерлер көнгөн адаты боюнча доллар менен жүргүзө берет.

Иш сапардын жүрүшүндө эки президент Бишкектеги “Имам Сарахси” мечитинин ачылышына катышты. Жээнбеков 30 миң адамга ыңгайлашкан ибадат кылуучу жайды куруп бергени үчүн түрк бийлигине ыраазычылыгын билдирди. Ал Кыргызстанда дин тутуу эркиндиги бар экенин жана башка ишенимдерге сый-урмат менен мамиле кылынарын айтты.

Эрдоган менен Жээнбеков кыргыз-түрк Манас университетине да барышып, медициналык факультеттин имаратынын капсуласын салышты. Кыргызстандын мамлекет башчысы аталган окуу жайдын артыкчылыктарын белгилеп, башка университеттерге үлгү катары көрсөттү. Ошондой эле “Ата бейит” мемориалдык комплексине да барып, зыярат кылышты.

Белгилей кетсек, Режеп Тайип Эрдоган расмий сапары менен 2 күнгө келген. Ал III дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине жана түрк тилдүү элдердин саммитине катышары маалым болгон.

 

Copyright © 2017 Maral FM