Биз менен байланышыңыз

Ормонов: «Коопсуз шаардын» тендери үмүттү актаган жок

Күн чабыт | 24 Авг 2018 | 1731 | 0

23-августта өткөн «Коопсуз шаар» долбоору боюнча тендерде система үзгүлттүккө учурап, долбоорду ишке ашыра турчу компания аныкталбай калды. Бир нече жылдан бери багы ачылбаган «Коопсуз шаар» долбоорунун чуулуу тендери тууралуу тендердик комиссиянын мүчөсү, Жогорку Кеңештин депутаты Улугбек Ормоновду кепке тарттык.

Марал: Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети «Коопсуз шаар» боюнча тендер жогорку деңгээлде өтөөрүн айтып элди көп нерсеге үмүттөндүргөн. Онлайн сынактын жыйынтыгы чыкпай калганы боюнча тендердик комиссия кандай түшүндүрмө берди?

Улугбек Ормонов: Тендер башталгыча мен деле ошондой ойдо болчумун. Себеби кимдер катышып жатат, эмне болуп жатат, эч ким билген жок. Ал эми мурда тендер өткөргөндө конвертти тапшырганда, аны толтурганда адамдардын кийлигишүүсү болуп келсе, азыркы сынактан чоң үмүт кылганбыз. Анткени акыркы убакытка чейин ким катышканы жана кандай сунуш болуп жатканы билинген жок.

Тилекке каршы онлайн сынакта программадан ката кетип туура эмес маалыматтар чыгып кетти. Баарыбыз тең эле бул 50 млрд сом деген эмне деп түшүнбөй отуруп калдык. Программага атайын хакердик чабуул болдубу, ачык айтыш кыйын. Муну бул тармакты билген адистер тактап туруп анан маалымат беришет деген ойдомун.

Марал: Сиз Байланыш комитетинин «системага сырттан хакердик чабуул болушу ыктымал» деген жүйөсүнө канчалык ишенесиз?

Улугбек Ормонов: Менин буга ишенип турганымдын себеби Байланыш комитетинин кызматкерлери бул ишти уюштургандар башында ишенимдүү отурушкан. «Азыр жыйынтыкты көрөсүздөр. Андан кийин сиздер чечим кабыл аласыздар» деп жатышкан. Ал жерден кесиптешибиз Аида Исамаилова бул тендер боюнча каражат бюджетке кирбей калганын айтып, мыйзам бузулууда деген бир-эки маселени айтып чыккан. Бирок биз ал маселени караганга жетишпей калдык. Эми күтө туруш керек. Алдын ала каралап, атайын чабуул болду деп эртелеп жыйынтык чыгаргандарга каршымын. Эки-үч күндө жыйынтыгы билинип калат. Андан кийин комиссия жолугуп жыйынтыгын угушубуз керек.

Марал: Өкмөт канча жылдан бери ишке ашыра албай келе жаткан «Коопсуз шаар» долбооруна тендер жарыяланып бүтө элек жатып үзгүлтүккө учурады. Эми жоопкерчиликти ким алышы керек?

Улугбек Ормонов: Албетте бул жерде маселе дагы, суроо дагы көп. Мен алдын ала бирөөнү күнөөлөгөндөн алысмын. Биз тендер эмне себептен үзгүлттүккө учураганын так билгенден кийин гана жоопкерчилик маселесин караш керек.

Бизде «Коопсуз шаар» 2012-жылдан башталгандан бери эле ушинтип келе жатат. Алты жылда долбоорду такыр эле баштай албай койдук. Убагында Жогорку Кеңештин тиешелүү комитетине «Кыргызтелекомдун» башчысы келип презентация кылып, «10-15 млн доллар менен долбоорду өзүбүз аткарсак болот» деген убадасын берген. Биз бардык жагын эске алып туруп, тапшырманы мамлекеттик эле ишканаларга берсек жакшы болчудай.

Марал: Байланыш комитети онлайн сынакта адамдык фактор кийлигишпейт деп ишендирип жатат. Бирок баары бир акыркы чечимди тендердик комиссия кабыл алып жатпайбы. Демек адамдык фактор бар деп айтсак болобу?

Улугбек Ормонов: Тендердик комиссия онлайн тендерден ушул компания утту деп жыйынтык чыгаргандан кийин гана ал компания коюлган талаптарга канчалык жооп берет ушуну карамакпыз. Биз ага жетпей калдык. Тилекке каршы Кыргызстанда биринчи жолу адамдык фактор аралашпаган тендер өткөрөбүз деген максат ишке ашпай калды. Бирок мен буга окшогон жооптуу, адам тагдырына байланышкан долбоорду мамлекеттик ишкана ишке ашырса деген ойдомун. Ошондуктан «Кыргызтелекомго» эле берсек жакшы болгону турат.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM