Биз менен байланышыңыз

Кыргыз спортчулары жайкы Азия оюндарынын ачылышына катышты

Кыска кабар , Спорт | 19 Авг 2018 | 1081 | 0

Кыргыз спортчулары Жакарта шаарында жайкы Азия оюндарынын ачылыш аземине катышты. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене-тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, 18-августта оюндун ачылыш аземи «Гелора Бунг Карно» стадионунда саат 18:00дө башталган. Кыргыз курамасын волейболчу Оңол Каныбек уулу баштап барган.

Мелдешке Кыргызстандын атынан жүздөн ашык спортчулар барып, оюндун 26 түрүнөн катышат.

Мелдеште жалпысынан 481 комплект медаль спорттун 40 түрүнө карата ойнотулат. Ага Азиядагы 40 мамлекеттин спортчулары катышат. Алгачкы медаль бүгүн, 19-августта тапшырылат.

Белгилей кетсек, жайкы Азия оюндарынын тарыхында Кыргызстандан барган спортчулар 2 алтын, 18 күмүш, 26 коло медаль тагынышкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM