Биз менен байланышыңыз

Абылгазиев Чолпон-Атадагы ипподромго барды

Кыска кабар | 18 Авг 2018 | 752 | 0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 18-августта III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата Бактуу-Долоноту айылындагы ипподромдун даярдыгын текшерди.

Өкмөт башчы административдик корпустун имаратын жана ипподромдун трибуналарын карап чыкты.

Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Бактыбек Абдиев билдиргендей, ипподромдо аяктаган иштерден тышкары трибуналардын алдына прожекторлор үчүн консолдорду орнотуу менен кошумча жарык берүү орнотулуп, спортчулар жана делегациялар үчүн аянтчанын старттык бөлүгү кеңейтилип жатат.

Өкмөт башчы тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен мелдештерди уюштуруу маселелерин талкуулап, жыйынтыгында III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдыктарды сапаттуу жана өз убагында камсыздоо боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM