Биз менен байланышыңыз

Президент терроризм боюнча мыйзамга кол койду

Кыска кабар | 18 Авг 2018 | 855 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков «Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди адалдоого каршы аракеттенүү жөнүндө» мыйзамга кол койду.

Мыйзам терроризмге системалуу жана натыйжалуу каршы аракеттенүү үчүн укуктук негиздерди белгилөө максатында кабыл алынган.

Мыйзамды кабыл алуунун натыйжасында төмөнкү оң жыйынтыктар күтүлөт:
— террористтик ишти каржылоону жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууну (адалдоону) профилактикалоонун жана алдын алуунун натыйжалуулугун жогорулатуу;
— Кыргызстандын беделин жана инвестициялык рейтингин жогорулатуу. Анын ичинде финансылык мекемелердин беделин көтөрүү менен аларга эл аралык финансылык рыноктордо активдүү аракеттенүүгө мүмкүндүк берүү;
— коррупциялык кылмыштарга каршы аракеттенүү үчүн өлкө тышына жана оффшордук чөлкөмдөргө мыйзамсыз же кылмыш жолу менен чыгарылып кеткен акча каражаттарын издөө жана кайтаруу үчүн кошумча механизмдерди түзүү.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 28-июнда кабыл алынган. Расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM