Биз менен байланышыңыз

Өзүн милиция кызматкеримин деп акча алган жаран кармалды

Кыска кабар | 18 Авг 2018 | 820 | 0

Криминалдык милициянын ыкчам кызматкерлери өзүн милиционермин деп тааныштырып элден алдамчылык жол менен акча алып жүргөн шектүүнү колго түшүрдү. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, буга чейин милицияга 20 жаштагы жаран кайрылган. Ал өз арызында ушул жылдын май айында белгисиз киши өзүн милиция кызматкери катары тааныштырып, анын ишенимине кирүү менен 1000 долларын алып кеткенин билдирген.

Факт боюнча кылмыш жаза кодексинин «алдамчылык, ири көлөмдө бирөөнүн мүлкүнө ээлик кылуу» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Андан соң, Чүй облусунун ыкчам издөө бөлүмүнүн кызматкерлери 29 жаштагы К. Ж аттуу Бишкектин тургунун шектүү катары колго түшүргөн.

Учурда анын мындан башка кылмыштарга тиешеси бар-жогу такталууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM