Биз менен байланышыңыз

Бүгүн Индонезияда жайкы олимпиада оюндарынын ачылышы болот

Кыска кабар | 18 Авг 2018 | 757 | 0

Бүгүн, 18-августта Индонезиянын борбору Жакарта шаарында жайкы Азия оюндарынын ачылышы болот.

Ачылыш аземи «Гелора Бунг Карно» стадионунда саат 18:00дө башталат. Мелдешке Кыргызстандын атынан жүздөн ашык спортчулар барып, оюндун 26 түрүнөн катышат. Кыргыз курамасын волейболчу Оңол Каныбек уулу баштап барат.

Мелдеште жалпысынан 481 комплект медаль спорттун 40 түрүнө карата ойнотулат. Ага Азиядагы 40 мамлекеттин спортчулары катышат. Алгачкы медаль 19-августта тапшырылат.

Белгилей кетсек, жайкы Азия оюндарынын тарыхында Кыргызстандан барган спортчулар 2 алтын, 18 күмүш, 26 коло медаль тагынышкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM