Биз менен байланышыңыз

Президенттик аппараттын жетекчисинин 1-орун басары дайындалды

Кыска кабар | 17 Авг 2018 | 840 | 0

Алмаз Кененбаев Президенттик аппараттын жетекчисинин биринчи орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлады.

Маалыматка ылайык, президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон жарлыктын негизинде Алмаз Кененбаев президенттик аппараттын жетекчисинин биринчи орун басары болуп дайындалды.

Буга чейин аталган кызматты аркалап келген Досалы Эсеналиев президенттик аппараттын жетекчиси болуп дайындалган.

Белгилей кетсек, Алмаз Кененбаев буга чейин Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы болуп келген.

Өмүр баяны:

Алмаз Кененбаев 1976-жылдын 6-июнунда Ысык-Көл облусунун Ананьево айылында төрөлгөн.

1998-жылы Кыргыз Мамлекеттик Улуттук Университетин бүтүрүп, чарбалык ишмердүүлүктү анализдөө жана көзөмөлдөө, бухгалтердик эсеп адистигине ээ болгон.

2003-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университетинин юридика факультетин аяктап, юриспруденция адистигин алган.

2010-жылы Президентке караштуу башкаруу Академиясынын бизнести башкаруу менеджменти адистиги боюнча магистратураны аяктаган.

2012-жылы «AlmaGroup» консалтинг компаниясынын башкы директору;

2012-жылы Бишкек шаардык кеңешинин депутаты;

2013-жылы Бишкек шаардык кеңешиндеги КСДП фракциясынын лидери;

2014-жылы Бишкек шаардык кеңешинде көпчүлүк коалициянын лидери;

2015-2016-жылы Бишкек шаардык кеңешинде 26-чакырылыштын төрагасы;

2016-жылы Бишкек шаардык кеңешинин депутаты;

2016-2017-жылы Бишкек шаардык кеңеши, КСДП фракциясынын лидери жана көпчүлүк коалициянын башчысы;

12.2017-08.2018-жылы Бишкек шаардык кеңеши, 27-чакырылыштын төрагасы;

Үй бүлөлүү, үч баланын атасы.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM