Биз менен байланышыңыз

Президенттик аппараттын жетекчиси дайындалды

Кыска кабар | 17 Авг 2018 | 1014 | 0

Досалы Эсеналиев Президенттик аппараттын жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон жарлыктын негизинде Досалы Эсеналиев мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, президенттик аппараттын жетекчиси болуп дайындалды.

Ал буга чейин президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары кызматын аркалап келген. Ал эми президенттик аппараттын жетекчиси Мухаммедкалый Абылгазиев өмөт башчылыгына кеткенден бери дайындала элек болчу.

Өмүр баяны:

1965-жылы 11-апрелде Ош облусуна караштуу Ала-Бука районундагы Көк-Серек айылында туулган

Билими жогорку. Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин тарых факультетин «тарыхчы, тарых жана коом таануу мугалими» адистиги боюнча артыкчылык диплом менен аяктаган. 1990-1993-жылдары КМУУнун «тарых» адистиги боюнча аспирантураны сырттан окуган.

Эмгек жолу. 1982-жылы Ала-Бука районундагы Ала-Бука орто мектебинде тарбиячы болуп иштеп эмгек жолун баштаган.

1984-1986-жылдары Советтик армиянын катарында кызмат өтөгөн.

1990-1992-жылдары Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин жаңы жана соңку тарых кафедрасынын окутуучусу болуп эмгектенген.

1992-1993-жылдары Кыргыз Республикасынын билим берүү министринин жардамчысы болуп иштеген.

1993-1994-жылдары Стратегиялык изилдөөлөр Борборунун ага-референти ишин аркалаган.

1994-1996-жылдары «Сорос-Кыргызстан» Фондунун билим берүү тармагын, ММК, Өкмөттүк эмес уюмдарды колдоо жана адам укуктары боюнча программаларынын координатору болуп иш алып барган.

1996-жылы «Сорос-Кыргызстан» Фондунун гранттар боюнча директор-менеджери болуп иштеген.

1997—1999-жылдары ПРООНдун «Адамдын туруктуу өнүгүүсү» долбоорунун эксперти болгон.

1999-жылдан баштап 2 жыл аралыгында Кыргыз Республикасынын президентинин басма-сөз кызматынын эксперти катары эмгектенген.

2001-2002-жылдары Дүйнөлүк банктын «Өнүгүүнүн комплекстүү негизи программасынын алкагында институционалдык мүмкүнчүлүктөрдү өнүктүрүү» долбоорунун коомчулук менен байланыш адиси катары иш жүргүзгөн.

2002-жылы Дүйнөлүк банктын «Жакырчылыкты кыскартуу стратегиясына институциялык колдоо» долбоорунун эксперти болуп иштеген.

2003-жылдан баштап 2008-жылга чейин президенттин маалымат кызматын жетектеп турган.

2008-жылдын июнунан тартып 2009-жылдын январына чейин президенттин администрация жетекчисинин орун басары кызматында иштеген.

2009-жылдын февралынан 2010-жылдын апрелине чейин президенттин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү болуп турган.

2010-жылдын июнь айынан октябрь айына чейин «Республика» партиясынын шайлоо алдындагы штабынын аналитика жана медиа тобун жетектеген.

2010-жылдын октябрынан 2012-жылдын декабрына чейин «Республика» партиясынын аткаруу комитетинин жетекчиси кызматын ээлеген.

2013-2015-жылдары «Бир Бол» партиясы, аткаруу комитетинин жетекчиси.

2015-2016-жылдары «Бир Бол» фракциясы, лидердин кеңешчиси.

11.2016 – 21.04.2018-жылдары өкмөткө караштуу интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын төрагасы.

2018-жылдын 20-апрелинен тарта президентттик аппараттын жетекчисинин биринчи орун басары.

Мамлекеттик кызматтын 2-класстагы мамлекеттик кеңешчиси, запастагы ага-лейтенант.

Үй-бүлөлүү, үч баланын атасы.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM