Биз менен байланышыңыз

Казакстан “Чолпон-Ата – Алматы” автоунаа жолун курууга кызыктар

Кыска кабар | 17 Авг 2018 | 887 | 0

Бүгүн, 17-августта Астана шаарында Кыргызстандын өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев менен Казакстандын өкмөт башчысы Бакытжан Сагинтаевдин эки тараптуу жолугушуусу өттү. Андан кийин казак-кыргыз өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны уюштурулду. Анда Сагинтаев бул жолугушуу эки өлкөнүн  экономикалык байланыштарын чыңдоого өбөлгө болоорун айтты.

Жолугушуу алкагында “Кең-Булуң – автожол” жана “Токмок – автожол” көзөмөл-өткөрүү пункттары боюнча протоколго кол коюлду.

Сагинтаев сөз сүйлөп жатып, соода-сатыктын көлөмүн көбөйтүүдө айрым тоскоолдуктарды жоюуга өкмөттөрдүн өзгөчө көңүл буруусу таасир тийгизерин белгиледи.

Алар:

-Кыргыз Республикасынын ветеринардык контролдоо системасынын ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн ветеринардык көзөмөл системасынын эквиваленти катары таанылуу маселеси;

-Эл аралык жүктөрдү ташыган жүк ташуучуларга карата уруксат берүүчү документтер, ошондой эле аларды текшерүүлөр жаатындагы ашыкча талаптарды четтетүү маселеси экени айтылды.

Казак өкмөт башчысы ошондой эле,  “Чолпон-Ата – Алматы” автоунаа жолун куруу долбооруна кызыктар экенин билдирди.

Муну менен катар, кыргыз-казак чек арасындагы “Каркыра” жана “Кеген” көзөмөл-өткөрүү пункттарынын потенциалын пайдалануу менен, эки өлкөнүн ортосундагы транспорттук жана соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүүнү сунуштады.

«Сиздин Астанага жасаган алгачкы иш сапарыңыз эк жактуу экономикалык байланыштарды көтөрөт. Муну менен бирге эки өлкө ортосундагы товар алмашууну көбөйтүп, чек ара маселесин, маданий-гуманитардык карым-катнашатарды жөнгө салуу боюнча жолугуп отурабыз. Айтылган маселелер чечимин таба турганына иншенем», — дейт Сагинтаев.

2017-жылы эки өлкө ортосундагы товар алмашуу 13 пайызга өскөн. Ушул жыдын 5 айына карата эле бул көрсөткүч 10 пайызга жеткени маалым болду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM