Биз менен байланышыңыз

Бишкекте көк бөрү боюнча президенттин кубогу өтөт

Кыска кабар | 17 Авг 2018 | 1033 | 0

Кыргызстандын эгемендүүлүк күнүнө карата Бишкектеги “Ак-Кула” ат майданында улуттук ат оюндары боюнча мелдештер өтөт. Ат оюндарынын негизги бөлүгүн көк бөрү мелдештери түзөт. Бул оюнда командалар президенттин кубогун талашат. Учурда көк бөрүгө катышуу үчүн 12 команда арыз берди. Алар — “Келечек”, “Арашан”, “Четинди”, “Төш булак”, “Бакубат Талас”, “Сынташ”, “Алыкул”, “Бакай-Ата”, “Сокулук”, “Көк жал”, “Толкун”, “Сары-Өзөн – Рассвет” командалары.

Мындан тышкары ат чабыш (20 чакырым), тай чабыш (5 чакырым), кунан чабыш (11 чакырым), жорго салыш (9 чакырым), кунан жорго (5 чакырым) жана бышты жорго (7 чакырым) боюнча да мелдештер өткөрүлөт.

Эске салсак, 2017-жылы өткөн көк бөрү боюнча президенттин кубогун «Биримдик» командасы утуп алган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM