Биз менен байланышыңыз

Президент теолог Кадыр Маликов менен жолугушту

Кыска кабар | 22 Авг 2018 | 921 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 17-августта теолог Кадыр Маликовду кабыл алды. Бул тууралуу президенттин расмий сайты жазды.

Жолугушууда мамлекеттик диний саясаттын артыкчылыктуу багыттары, мамлекет менен дин ортосундагы өз ара аракеттенишүү, диний сабаттуулуктун деңгээлин жогорулатуу жөнүндө пикир алмашуу болду.

Мындан тышкары, Исламдын позитивдүү дараметин социалдык чөйрөдөгү көйгөйлөрдү чечүүдө, кыргыз мамлекеттүүлүгүн өнүктүрүүдө жана бекемдөөдө пайдалануу зарылчылыгы белгиленди.

Жээнбеков өз сөзүндө диний чөйрөнү жөнгө салуу өлкөнүн улуттук кызыкчылыктарына ылайык ишке ашырылаарын баса белгиледи.

Анын айтымында, динге карата мамлекеттик саясат мындан ары да бардык конфессиялар үчүн бирдей шарттарды түзөт. Ошондой эле диний жана светтик маданияттардын гармониялуу түрдө тынчтыкта жанаша жашоосун камсыз кылууну улантат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM