Биз менен байланышыңыз

Кырчынга коюла турчу ажатканалар эмнеге кымбат? Агенттиктин түшүндүрмөсү

Кыска кабар | 17 Авг 2018 | 854 | 0

Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги Кырчын жайлоосуна орнотула турчу ажатканалардын эмне себептен кымбат экенин түшүндүрдү.

Мекеменин маалыматы боюнча, ажатканалар аталган этно-шаарчага келген коноктор жана кызматкерлер үчүн ыңгайлуу шарт болуусу үчүн орнотулууда. Ажатканалардын баары канализацияга байланыштырылат. Ошондой эле, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн да шарт түзүлөт.

Аларды орноштуруу иштеринин акысы 2 млн 301 миң 700 сомду түзөт. Беш орундуу ажаткана жайгашкан бир контейнердин баасы кошумча нарк салыгын эске алганда 287 миң 718 сом болот.

Кырчында мындан тышкары, 20 тактайдан жасалган ажатканалар онотулат. Ага 375,6 миң сомд коротулат.

Эске салсак, 2016-жылы өткөн оюнда ажаткана маселеси жаралган. Бирок быйыл бардык шарттарды эске алуу менен кымбат баага ажаткана орнотуу маселеси да талкуу жаратты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM