Биз менен байланышыңыз

Абылгазиев «Astana Hub» эл аралык IT-стартап технопаркына барды

Кыска кабар | 17 Авг 2018 | 779 | 0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Астана шаарындагы иш сапары алкагында 16-август күнү «Astana Hub» эл аралык IT-стартап технопаркына жана «Нур Алем» павильонуна барды.

Анда Казакстандын премьер-министри Бакытжан Сагинтаев аталган объектилердин ишмердүүлүгү тууралуу айтып берди.

«Astana Hub» эл аралык IT-стартап технопаркы АКШдагы Кремний өрөөнүнүн казакстандык аналогу болуп саналат. Ал 9,6 миң чарчы метр аянтта жайгашкан, анда дарс залдары, лабораториялар, конференц-залдар, digital-компаниялардын кеңселери бар.

Абылгазиев мындан тышкары, «Нур Алем» павильонунун экспозициясы менен таанышты, ал «Expo 2017 Astana» көргөзмөсү ачылганга дейре эле кеңири таанымал болгон.

Белгилей кетсек, «Нур Алем» павильону Казакстандагы биринчи технологиялык келечектеги энергия музейи болуп саналат жана 8 кабаттан турат.

Абылгазиев муну менен катар казакстандык жаш IT-адистери менен жолугушту. Анда алар өз эмгектерин сунуштап жана ишке ашырылган инновациялык долбоорлор тууралуу айтып беришти.

Абылгазиев аларды Кыргызстанга келип, тажрыйба алмашууга чакырды.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM