Биз менен байланышыңыз

Каржы министрлигинин атайын эсебине 345,6 млн сом чогулду

Кыска кабар | 16 Авг 2018 | 1143 | 0

Коррупция менен күрөштөн өндүрүлгөн каражаттар үчүн ачылган атайын эсепке 345 млн 63,5 миң сом чогулду. Бул тууралуу Каржы министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, топтолгон каражаттын ичинен 143 миллион сомду Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат, 141 миллион сомду Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет, 59 миллион сомду Башкы прокуратура жана 5 33 миң сомду Ички иштер министрлиги которгон.

Эске салсак, президент Сооронбай Жээнбеков жемкорлордон өндүрүлгөн акчаны топтоо үчүн эсеп ачууга буйрук берген. Өкмөттүн токтому менен 3-июлда Каржы министрлигинин карамагында бирдиктүү депозиттик эсеп ачылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM