Биз менен байланышыңыз

1-класска кабыл алууда акча алуу боюнча 30дан ашык арыз келип түштү

Билим-маданият | 9 Авг 2018 | 1767 | 0

Билим берүү жана илим министрлиги балдарды 1-класска кабыл алууда атайын жобо кабыл алып, акча чогултуу “жөрөлгөсүнө” тыюу салса да, көмүскө жана ачык эле акча сураган мектеп директорлору бар экенин ата-энелер айтып келишет. Муну министрлик ата-энелер аты жөнүн, мектептин номерин так айтпай анонимдүү түрдө кабарлап жаткандыгы менен байланыштырышса, ата-энелердин арасында бала үчүн 10-15 миң сом “айлансын” деп көз жумуп койгондор да бар. Бүгүн баланы мектепке кабыл алуу канча турат, бул жорук качан жоюлат, төмөнкү материалдан окуй аласыз.

Жыл сайын жаңы окуу жылынын алдында мектепке чогулткан акча, 1-класска кабыл алуу көйгөйү козголуп, министрлик ага карата жооп айтып, атайын түз байланыштарды уюштуруп, арыздарды кабыл алууга даяр экендигин билдирсе да, 1-класска кабыл алуудагы орундарды баалоо адаты токтой элек. Мындай пикирин ата-энелер социалдык баракчаларга байма-бай жазып келишет. Айрыкча ички миграциянын кесепетинен борбор калаада каттоосу жок ата-энелер: “акча бербесем, баламды мектепке кабыл албай коёт” деп чоочуларын жашырышпайт. Мындан улам айрымдар өз ыктыяры менен берет же ушул учурдан пайдаланбай койгон мектеп мугалимдери да болбой койбойт. Мисалы, Өзгөн шаарынан келген Зуура айымдын Бишкек шаарында жашаган жеринен каттоосу жок. Ошондуктан, акча сурашы мүмкүн деп ойлойт. Буга чейинки тажрыйбасына таянып, мектептен ачык сурашпаса да, ар кандай жолдорду шылтоо кылып акча сурагандарга ата-энелер көнгөн.

Биздин Бишкекте каттообуз жок. Ошентсе да маалым кат алып барып, киргизебиз деп ойлоп жатам. Акча сурайбы, сурабайбы аны билбейм. Буга чейин барсак 10-августка чейин эс алуудабыз деп коюшкан. Негизи буга чейинки тажрыйбамды айтсам, Өзгөндө орус класска кирүү үчүн акча бергендерди билем, Бишкекте кандай эми көрөбүз. Ачык акча сурабаса да тигиге, буга деп сурай беришет. Баланы бала бакчага киргизгенден баштап бул акча топтомойлорго көнгөнбүз.

Ал эми Гүлбарчындан баласын мектепке киргизерде каттоосу башка жакта деген шылтоо менен 15 миң сом сурашкан. Ага чамасы жетперин түшүнгөн ата-эне башка мектепке берүүгө аргасыз болгон.

Негизи уулумду берейин деген мектепте буга чейин эле кыздарым окушат эле. Бирок уулума келгенде каттооңор башка жакта, башка көчөдө деп албай койду. Кыздарым менен чогуу окусун деп сурансак, анда 15 миң сом бергиле деди. Ал учурда 15 миң эмес, 5 миң сом бергенге чамам жок эле. Айла жок башка мектепке бергенбиз.

Гүланда айымдын болсо тун баласы мектеп босогосун аттап жатат. Ал үчүн мектепке жайгаштыруу оорчулук жараткан жок. Анткени баласы мектепке чейинки даярдыкты ошол мектептен окуган, анын үстүнө жашаган районуна туура келет.

Бизде көйгөй жаралган жок. Өзүбүз жашаган жакка жакын мектепке бердик. Буга чейин ал жакта даярдоо классын окуду. Башкалардан акча чогултмайлар бар деп уктум, бирок менден сураган жок.

Бүгүнкү күндө Билим берүү жана илим министрлигине балдарды 1-класска жайгаштыруу боюнча 30дан ашык арыз келген. Мындан тышкары, түз байланышка келип түшкөн суроолордун көпчүлүгү каттоого байланыштуу. Министрликтин мектеп жана мектепке чейин билим берүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси Айнура Кусеинованын айтымында, баланы мектепке жаздырууда жашаган жеринен маалым кат керек, ошондой эле ар бир бала эч кандай сынаксыз кабыл алынууга тийиш.

Бизге келген арыздардын көпчүлүгү жашаган жеринен каттоого байланыштуу болуп жатат. Жобого ылайык, азыркы учурда жашап жаткан жеринен маалым кат алып келсе жетиштүү. Эгерде орун болсо эч кандай сынаксыз кабыл алынышы керек.

Эл өкүлү Тазабек Икрамов: “Мындай көйгөйлөрдү чечүүнүн жолу ар бир ата-энеге байланыштуу”,- дейт. Анткени жоболор чыгып, мыйзамдар кабыл алынса да, жарандар кызыктар болмоюнча ишке ашпайт. Тилекке каршы баласы үчүн ата-энелер ошол акчаны берип көндургөн.

Бул маселе болуп келген, болуп жатат. Буга чейин мен да өзүмдүн сунуштарымды айтканмын. Менин оюмча директорлорду ротация кылуу абзел. Анткени алар ошол жерди ээлеп алгандай. Анын үстүнө ата-энелер бул нерсени жоюуга кызыктар болбосо улана берет. Айтайын дегеним, ата-энелер коркконунан өздөрү акча берип коюшат.

Кошумчалай кетсек, Билим берүү жана илим министрлиги 2018-19-окуу жылдын аягына чейин мектепке каттоону да электрондук түргө өткөрүүнү пландаштырып жатат. Учурда мындай электрондук кезек системасы пилоттук негизде бала бакчаларда жана Бишкек, Ош шаарларында иштеп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM