Биз менен байланышыңыз

Кызылча оорусу миграциядагы балдардан жайылып жатат

Ден соолук | 18 Июл 2018 | 2443 | 0

Өлкөдө кызылча оорусу жайылууда. Алты ай ичинде кызылча менен ооругандардын саны 320га жеткен. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлап жатат. Азыркы тапта абал кандай жана жайылуунун негизги себептери тууралуу Республикалык Эмдөө борборунун жетекчиси Гүлбара Ишенапысова айтып берди.

-Өлкөдө кызылча оорусу жайылып жатканы айтылууда. Учурда абал кандай? Жайылышынын негизги себептери аныкталдыбы?

2018-жылдын алты айынын жыйынтыгы боюнча кызамык оорусу жогору болуп жатат. Бүгүнкү күнгө чейин 320 учур катталды. Анын көбүн бир жашка чейинки балдар түзүп жатат. 320 учурдун 142си же 43 пайызы балдар. Бул наристелер кызамыкка каршы эмделген эмес. Анткени биз эмдөөнү 1 жана 6 жашында жасайбыз. 2017-жылда 5 учур катталган. Декабрь айында жаңы жыл майрамына карата сыртта жүргөн мигранттардын балдары Кыргызстанга келишкен. Алардын баардыгы бул ооруга каршы эмделген эмес. Натыйжада  кызамыкты Орусиядан жугуп, биздин балдарга жайылууда. Биз аны толук аныктап чыктык. Бизден чыккан вирус эмес. Генотип 3Б вирусу Орусия Федерациясынын аймагында катталган вирус болуп аныкталды. Бул вирус бир гана Орусияда эмес, Европада дагы 2017-18-жылдар аралыгында өсүп жатат. Мисалы Румынияда 13 учур, Италияда 6 миң.

-Бул ооруну жуктуруп алган кезде же ооруп калса биринчи кезекте эмне кылуу керек? Кандай эрежелер сакталууга тийиш?

Эң биринчи кызамык болуп ооруган жаран дарыгерге кайрылуусу керек. Бул оорунун башталышы сасык тумоого окшош. Адамдын дене табы 39 градуска чейин көтөрүлөт. Бала жарыкты жакшы карай албай баштайт. Бирок кызыл так денеге дароо эле чыгып кетпейт. Жети күндүн ичинде гана моюн, кулактан башталып ылдый денеге жайылат. Бирок баланын ооруп жатканын билгенден кийин аны кайра-кайра ооруканага алып келүүнүн кажети жок. Себеби ал жактан кызамык аба аркылуу башка балдарга дагы жуга баштайт. Ошондуктан дарыгер жазган дарыларды калтырбай алып, үй шартында караганы туура.

Бул маалымат Кыргызстанда жайкы туристтик мезгил учурунда коркунуч жаратып калбайбы?

-Бул туристтерди чочутпайт деле болуш керек. Анткени бул наристелер арасында катталып жатат. Бирок чоң адамдардын арасында жок. Бир гана эмделе элек балдардын арасында пайыздар чоң болуп жатат. Мындан улам биз профилактикалык жумуштарды күчөттүк. Ар бир ата-эне өз баласынын коопсуздугу үчүн эмдөөнү сөзсүз түрдө алууга тийиш.

-Маегиңизге рахмат!

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM