Биз менен байланышыңыз

Президент элди коррупция менен чогуу күрөшүүгө чакырды

Саясат | 9 Авг 2018 | 1173 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков жалпы элди коррупция менен чогуу күрөшүүгө чакырды. Бул тууралуу өлкө башчысы Чолпон-Ата шаарында өткөн «Мекендештер» форумунда билдирди. Ал эгерде кимдир бирөө пара талап кылып жаткан тарапты ачыктаса, буга сөзсүз көңүл бурулаарын белгиледи.

Коррупция маселесин ар бир адам айтып чыгат. Бирок анын бетин ачууга ким тоскоолдук кылып жатат? Мындай соболду президент Сооронбай Жээнбеков «Мекендештер» форумунда койду. Ал пара талап кылган мекеме же кызматкердин бетин ачкандарга сөзсүз түрдө реакция боло турганын белгиледи.

Коррупцияга каршы чыгууга кайсы министрлик, ведомство жана кайсы кызматкер тоскоолдук кылып жатат. Бул нерсе ачык айтылышы керек. Эгерде коррупцияны мен кылып жатсам, анда аты Жээнбеков кылды деп айтылышы керек. Же болбосо башкалар кылса, алардын аты аталышы зарыл. Ошондо гана оңолобуз. Дагы деле сен мага, мен сага тийбейм деп жүрө берсек, анда оңолбойбуз. Президент катары мен оңололу деп өзүм айтып жатамын. Ошондуктан баарыбыз чогуу атын атайлы. Эл менен жолукканда эмне үчүн МАИ кызматкерлери токтоткондо акча бересиңер деп айтам. Акча сурап жатса бизге арыз жазсын. Буга реакция кылабыз.

Мамлекет башчынын пикирин айрым серепчилер жакшы сунуш катары баалашса, кээ бири буга эл даяр эмес дешти.

Юрист Нурбек Токтакуновдун пикиринде, бийликте болуп жаткан коррупция эл пара бергени үчүн болуп жатат. Анткени пара берүү менен эл көп жумушун бүтүрүүдө.

-Карапайым эл көйгөйлөрүн пара берүү жолу менен оңой эле чечип калды. Анткени бул ыңгайлуу. Эгерде эл МАИге, прокуратурага жана башка мекемелерге акча бербесе коррупция болмок эмес. Президент туура айтат. Адамдар маселесин пара бербестен мыйзамдын чегинде чечсе, ошондо коррупция менен күрөшүү болот.

Ошондой эле, Токтакунов коррупция менен күрөшүүдө президент өзү деле көп жумуштарды аткара ала турганын белгиледи.

Саясат талдоочу Марс Сариев Жээнбековдун пикирин кубаттап, коррупция менен күрөштү элден баштабаса, жыйынтык чыкпайт деген ойдо. Анын баамында, пара алгандардын бетин ачууга эл даяр эмес. Ал эми учурда жемкорлор менен күрөшүү болуп жатканы менен күчөгөн жок.

-Өлкөдө жакырчылык, жашоо кыйын. Ошону үчүн пара берип, кутулуп кеткен оңой. Кыргыздарда тууганчылык жана тааныш-билиштик калыптанып калган. Бул коррупциянын өнүгүшүнө ылайыктуу болуп жатат.

Ал эми УКМКнын коррупцияга каршы күрөш бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Максат Мамытканов коррупция жөнөкөй элдин ичинде болбой турганын билдирип, ал мамлекеттик башкаруудагы тымызын акчаларды чогултуу системасы деп айыптады. Ошондуктан коррупция менен күрөшүү түздөн-түз мамлекеттик көйгөй дейт.

Коррупция эмне менен жан багат? Биздин ишкерлер өздөрүнүн пайдасын көбөйтүү үчүн коррупциялашкан аткаминерлер менен биргелешип салыгын, төлөмдөрүн азайтат. Же реалдуу түрдө бюджеттен бөлүнгөн акчаларды жемей схемаларын түзүп алып, биргелешип уурдашат. Ошентип бизнеске аралашкан жарандар эч качан ал жөнүндө эч кимге айтпайт.

Эске салсак, буга чейин президент Сооронбай Жээнбеков жемкорлук менен күрөш, саясий өңүткө өтпөй турганын айткан. «Коррупцияга каршы күрөш — жалпы элдик мүнөзгө ээ болушу керек!» деген президент уурулар коомдун жек көрүүсүн сезип, эл арасында баса албай турган чөйрөнү түзүү зарыл экенин белгилеген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM