Биз менен байланышыңыз

Кырчын жайлоосунда дүйнө ашпозчулары таймашат

Билим-маданият | 15 Авг 2018 | 1495 | 0

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында «Дүйнөлүк көчмөндөрдүн ашканасы» атту эл аралык фестиваль өтөт. Анда дүйнө жүзүнөн келген ашпозчулар улуттук тамак-аштарын даярдап, биринчиликке ат салышат. Ага эл аралык калыстар чакырылган. Сынак 6 номинация менен өтөт. Биринчи үчүнчүлүктү багындарган тайпаларга жылкы, бука, кой берилет.

Үстүбүздөгү жылдын 2-6-сентябрь аралыгында Кырчын жайлоосунда «Дүйнөлүк көчмөндөрдүн ашканасы» аттуу биринчи эл аралык фестиваль өтөт. Ага 108 мамлекеттин ашпозчулары чакырылган. Алардын ичинен 10 өлкө, тактап айтканда Өзбекстан, Казакстан, Азербайжан, Түркия, Монголия, Сербия, Якутия, Түштүк Корея, Сауд Арабия өлкөлөрү фестивалга катышаарын ырастаган. Бул тууралуу Кыргызстан ашпозчулар ассоциациясынын төрагасынын орун басары Берик Эгинбаев билдирди. Анын айтымында, ар бир мамлекеттен үчтөн ашпозчу катышат.

— Алар байыркы көчмөндөр колдонгон таш мангалдын үстүндө өздөрүнүн улуттук тамактарын жасашат. Келгендерге тамак аш боюнча адистер мастер класс өтүшөт. 40 мүнөттүн ичинде биринчи тамак жасоо боюнча жарыштар болот. Кара кутуча болот. Ашпозчулар анын ичинде кандай азык-түлүк бар экенин билишпейт. Аталган кутудагы азыктарды пайдаланып тамак жасашат. Ашпозчулар кесипкөйлүгүн, тажрыйбасын ошол жерден көрсөтүшөт. 

Эл аралык фестивалда алгачкы 3 орунду камсыз кылган өлкөнүн ашпозчуларына байге каралган. Мындан сырткары, катышуучуларга ыраазычылык баракчалары берилет. Уюштуруучулардын бири T-Bone жоопкерчилиги чектелген компаниясынын башкы директору Элдияр Тентимишов маалымдагандай, сынак 6 номинация менен өтөт.

— Биринчи орунду багындырган тайпага жылкы берилет. Кийинки эки орунга бука менен кой тапшырылат. Фестиваль шоу катары өтөт, иш-чарада элге тамак таратылбайт. Таймаш 6 номинация менен өтөт. Алсак, ашпозчулар ар бир таймашта ар башка жандыктын этинен тамак жасашат. Алар — жылкы, кой, уй, тоок, балыктын эттери. Таймаштын акыркы айлампасында кара куту берилет. Бул чечүүчү мелдеш болуп эсептелет. 

Берик Эгинбаев белгилегендей, ашпозчулардын эмгегине баа берүү үчүн чет өлкөлүк калыстар келет. Алар жасалган тамактарды эл аралык стандарттардын негизинде баалашат.

— Биздин стандартта тамактын туура даярдалышы, санитардык талаптардын сакталышы каралат. Андан сырткары, тамакты тааныштырууга дагы маани берилет. Албетте, жасалган тамактын даамына көңүл бурулат. Иш-чаранын максаты — дүйнөдөгү ашпозчылардын башын бириктирип, алардын тарыйбасын үйрөнүү. Ошондой эле тажрыйба алмашуу болуп саналат. Бул иш-чара чет элдиктердин биздин өлкө жөнүндө сөз кылуусуна дагы бир себеп болушу мүмкүн деп үмүт артуудабыз.

Кошумчалай кетсек, чет өлкөдөн келген ашпозчуларды турак-жай менен камсыз кылуу милдетин T-Bone компаниясы алган. Иш-чараны уюштурууга жалпы 3 млн сомдон ашык каражат сарпталмакчы.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM