Connect with us

Ташиев: Башкаларга сабак болушу үчүн оорукананын жетекчисин жыйындан кармап кеттик

Кыска кабар | 8 Дек 2024 | 466 | 0

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев Ош шаарындагы үй-бүлөлүк медицина борборлорунун биринин жетекчиси эмне үчүн жыйында кармалганын түшүндүрдү.

Ал «Регион» телеканалына билдиргендей, УКМК коррупцияны токтотууга байланыштуу Ош облусундагы медицина кызматкерлерин чогултуп жыйын өткөргөн. Анда оорукананын башчысын башкаларга сабак болушу үчүн атайын кызмат жыйында кармаган.

«Жакында эле Ош шаарында облустагы бардык медицина тармагындагы кызматкерлерди чогултуп, чоң жыйын өткөрдүк. Анда бардык жетекчилер, улуттук коопсуздук кызматкерлери болгон, коррупцияга каршы күрөш, аны токтотуу, мыйзамдуулук тууралуу айтып беришкен. Ошондо башкаларга мисал болсун деп чогулушта отурган бир жетекчини алып барып, жоопко тартканбыз, башкаларга сабак болсун деген максатта. Бирок ошол эле жыйында отурган башка бир жетекчи эки күндөн кийин эле пара алуу менен колго түштү. Бул — биздин өткөргөн жыйындар, маалыматтар да жыйынтыгын бербей жатат дегенди билдирет. Адамдар коррупция кылууга көнүп калган, айрыкча, мамлекеттик органда иштегендер коррупциясыз жашай албай калган” , — деди Камчыбек Ташиев.

УКМК төрагасы мамлекеттик органдардагы коррупцияны азайтуу максатында жаза чаралары күчөтүлөрүн айтты.

Камчыбек Ташиев парламенттин 5-декабрдагы жыйынында коррупция кылган мамлекеттик кызматкерлерге карата жазаны күчөтүү үчүн Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү сунушталып жатканын билдирген.

Атайын кызмат мыйзам долбоорун иштеп чыккан. Ташиевдин айтымында, учурда жекморлукка каршы аёсуз күрөш жүрүп жатат, бирок ага карабастан жемкорлуктун деңгээли жогору бойдон калууда, айрым жерлерде өсүп да кетти. Буга байланыштуу жазаны күчөтүү сунушталууда.

УКМК төрагасы жазанын мөөнөтүн узартуу эмес, кылмыш жоопкерчилигин күчөткөн таасирдүү ыкмалар сунушталып жатканын билдирди.

Төмөнкү шилтемеде мыйзам долбоору тууралуу маалыматтар бар:

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM