Бишкектин Октябрь райондук соту 6-декабрдагы чечими менен Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Канатбек Исаевдин бөгөт чарасын өзгөрттү.
Жактоочу Бакыт Осмоналиевдин айтымында, сот аны чет жакка чыкпоо жөнүндө тил каттын негизинде абактан бошотту.
Канат Исаев 20-ноябрда кармалып, Кылмыш-жаза кодексинин “Уюшкан топторду жана кылмыштуу топторду каржылоо” беренеси боюнча айып тагылган.
Ал өзү журналисттерге күнөөсүн мойнуна албай турганын жана уюшкан кылмыштуу топ менен байланышы жок экенин айткан.