Connect with us

Ишкер Имамидин Ташов сот отурумунда моюнун кести

Кыска кабар | 6 Дек 2024 | 319 | 0

KG Group курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Имамидин Ташов Бишкектин Биринчи май райондук сотунда 6-декабрда өткөн отурумда мойнун тилип жиберип, эс-учун жоготту.

Бул тууралуу укук коргоочу Азиза Абдирасулова социалдык тармакта кабарлады.

Видеодо аны конвойлор көтөрүп баратышканын көрүүгө болот.

Соттук отурумдун жыйынтыгында ишкердин абактагы мөөнөтү 2025-жылдын 8-февралына чейин узартылды.

Имамидин Ташовду тез жардам унаасы менен шаардык ооруканага алып кетишти.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети ишкерди быйыл 22-апрелде кармаган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Бийликти күч менен басып алуу” беренеси менен айып коюлган.

Copyright © 2017 Maral FM