Connect with us

Быйыл 1,1 миң тонна алма кагы экспорттолду

Кыска кабар | 2 Дек 2024 | 159 | 0

Кыргызстанда жыл сайын 260 миң тоннага жакын мөмө-жемиш жыйналат. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Анын ичинен эң чоң үлүштү алма ээлейт. Алма 2023-жылы жалпы мөмө-жемиш түшүмүнүн 62 % түзгөн.

Алма өстүрүү боюнча Ысык-Көл облусу (25,4 %), Ош облусу (24,5 %), Жалал-Абад облусу (14,6 %), Чүй облусу (13,5 %), Баткен облусу (11,9 %) жана Талас облусу (9,5 %) алдыда турат.

2023-жылы Кыргызстан 1,5 миң тонна кургатылган алма экспорттогон.

Кыргызстандан кургатылган алма Германия (904,7 тонна), Түркия (307,7 тонна), Россия (234,0 тонна), Казакстан (56,4 тонна), АКШ (1,2 тонна), жана Япония (0,5 тонна) мамлекеттерине экспорттолот.

Ошондой эле кургатылган алма башка кургатылган мөмө-жемиштердин аралашмасында да экспорттолот. 2023-жылы кургатылган мөмө-жемиштер Бахрейн, Катар, Корея жана аз өлчөмдө Жапонияга экспорттолгон.

2024-жылдын 9 айында Кыргызстан 1,1 миң тонна кургатылган алма экспорттогон. Анын ичинен:

  • Германияга — 513,6 тонна;
  • Түркияга — 332,2 тонна;
  • Россияга — 225,9 тонна;
  • Казакстанга — 28,3 тонна;
  • Японияга — 0,3 тонна.

Бүгүнкү күндө алманы кургатуу замандын талабына жараша ыңгайлашып, кургатуу ыкмалары жаңыланып, кургатылган алма ингредиент катары эмес, “снеки” катары көбүрөөк колдонула баштады.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM