Connect with us

Чүйдө 12 окуучу таттууга ууланды

Без рубрики | 28 Ноя 2024 | 44 | 0

Чүй облустук милициясынын маалыматына караганда, 27-ноябрда Токмок шаардык ооруканасына Искра айылынын 12-16 жаштагы 12 мектеп окуучусу тамакка ууланган деген диагноз менен кайрылган. Аларга медициналык жардам көрсөтүлүп, үйлөрүнө жөнөтүлгөн. Учурда балдардын абалы туруктуу экени кабарланды.

Уулануу фактысы катталып, иликтөө иштери жүргүзүлгөн. Анын алкагында, 27-ноябрда саат 11:00 чамасында 7-класстын окуучусу А.А. Искра айылында жайгашкан таштанды таштоочу жайдан «BEN 10» фирмасынын таттууларын жана суусундук таап, аларды мектепке алып барып, классташтарына да берген. Мындан улам окуучулар ууланганы аныкталды.

Таттуулар жана суусундуктар алынып, соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Текшерүү иштери улантылып жатканы, жыйынтыгы боюнча чечим чыгарылары маалымдалды.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM