Connect with us

COP29: Кыргызстан тездик менен жашыл энергетикага өтүп жатканы айтылды

Кыска кабар | 15 Ноя 2024 | 61 | 0

15-ноябрда энергетика министри Таалайбек Ибраев БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясынын тараптарынын 29-сессиясына жана энергетикалык демилгелер боюнча министрлердин жыйынына катышты.

Иш-чарада жашыл энергетикалык коридорлорду жана зоналарды өнүктүрүү тууралуу талкуу болду. Ошондой эле ар бир мамлекеттин энергетика министрлери жашыл энергетиканы өнүктүрүү боюнча аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат берип, өз пикирлерин билдиришти.

Таалайбек Ибраев «жашыл» стратегияны ишке ашыруу, 2050-жылга карата энергетика министрликтери таза энергияны өндүрүү, сактоо, транзиттөө жана жеткирүү үчүн инновациялык технологияларды киргизүү менен энергетикалык баланста кайра жаралуучу булактардын үлүшүн жыл сайын көбөйтүүсү зарыл деп билдирди.

“Кыргызстандын күн, шамал энергиясын жана жашыл суутекти өндүрүү боюнча олуттуу мүмкүнчүлүктөрү бар. Өлкөдө чакан ГЭСтерди куруу, жаңы күн жана шамал электр станцияларын куруу иштери жүрүп жатат. Өлкө тездик менен жашыл энергетиканын жаңы дооруна өтүп жатат» , — деди министр.

Климаттык каржылоону күчөтүү шартында Азербайжан тараптын жашыл энергетика коридорлорун, аймактарын жана таза энергияны сактоо технологияларын түзүү боюнча демилгелерин колдоого даяр экенин кошумчалады.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM