Connect with us

ИИМ: Адам өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды

Кыска кабар | 15 Ноя 2024 | 133 | 0

Ички иштер министрлигинин күзөт кызматынын милиционерлери оор кылмышка шектелген жаранды кармашты.

Маалыматка караганда, 7-ноябрь күнү таңга маал Бишкек шаарынын Биринчи май райондук күзөт бөлүмүнүн кызматкери батирлердин биринде белгисиз адамдын бычакталганы тууралуу маалымат алган. 

Милиция кызматкеринин үстүндө форма кийими болгондуктан, жарандар ага дароо кайрылышкан. Ал ыкчам аракеттерди көрүп, дароо күзөт бөлүмүнүн кармоо тобунун кайгуулдагы экипажына, ошондой эле 102 кызматына маалымат берген.

Окуя болгон жерден мас абалындагы жаран чыгып, колундагы бычакты ыргытып, изин жашырып кетүүгө аракет кылган. Шектүүнү үйдүн кире беришинен кармашкан. Кармалган жаран мурда соттолгон 1979-жылы туулган А.Л. экендиги аныкталган.

Кылмыш болгон жерди текшерүүдө батирдин ичинен бычактан жаракат алган адамдын сөөгү табылган. Алдын ала маалыматтар боюнча, кылмыш чырдан улам жасалган. Учурда аталган факты боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM