АКШда өткөн президенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыгы боюнча мурдагы президент Дональд Трамп өзүн жеңүүчү атады. Бирок добуштарды эсептөө уланууда. Расмий жыйынтык жарыялана элек.
Fox басылмасынын божомолу боюнча АКШдагы шайлоонун тагдырын чечет деп айтылып жаткан жети штаттын алтоосунда Трамп алдыда келе жатат.
Трамп Флорида штатында шайлоочуларынын алдында чыгып сөз сүйлөдү. Ал шайлоодо утканын жарыялады.
«Биз тарыхий жеңишке жеттик. Сенаттагы шайлоо боюнча да республикачылар алдыда келе жатат. Биз америкалыктар үчүн татыктуу жана гүлдөп-өнүккөн Американы курабыз. Муну ишке ашырмайынча тынчыбайм», — деп айтты Трамп.
Соңку маалыматтарга ылайык, Трамп шайлоочулар коллегиясынын 270 добушун ала элек. Учурда 267 добушка ээ болуп турат. Бирок негизги штаттардагы жыйынтыктар эбак эле жарыяланган.