Биз менен байланышыңыз

Ташиев Баткендеги үйлөрдүн пайдубалына мезгил кутусун салды

Кыска кабар | 13 Окт 2024 | 53 | 0

12-октябрда, Камчыбек Ташиев Баткен шаарында ипотекалык үйлөрдүн пайдубалына мезгил кутусун салды. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Шаардын Курманжан Датка жана Алымбек Датка көчөлөрүнүн кесилишиндеги жаңы «Асман резиденс №1» турак жай комплексинде 3, 2 жана 1 бөлмөлүү 12 кабаттан турган 37 блок үйдүн курулушу пландалган.

Мында батирлердин жалпы саны 2364. Турак жай комплекси курулуп жаткан жердин жалпы аянты 7 гектар.

Долбоор боюнча көп кабат үйлөрдүн астында спорт жана балдар аянтчалары, жер алдындагы унаа токтоочу жайлары, коомдук тамактануучу жайлар жана соода дүкөндөр камтылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM