Биз менен байланышыңыз

«Тулпар» картасы боюнча иликтөөгө президенттин басма сөз катчысы комментарий берди

Кыска кабар | 12 Окт 2024 | 450 | 0

Кечээ, 11-октябрда президент Садыр Жапаров соцтармактагы баракчасы аркылуу бишкектиктерди коомдук транспортто жүрүүдө накталай эмес төлөм жүргүзүүгө өтүүгө чакырган. Ошол эле күнү «Темиров Live» каналында «Тулпар» картасы боюнча долбоор чет өлкөлүк компанияга таандык экенин айткан иликтөөсүн жарыялады.
Анда айтылган маалыматтар боюнча президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов комментарий берди.

«Болот Темиров мамлекет башчысынын посту чыгаары менен эле жаңы иликтөө деп «чампалап» чыгара коюптур. Эптеп эле президентке чаптаганга аракет кылыптыр. Президент жол киренин көтөрүүнү колдоду дейт. Мамлекет башчысынын постун карасаңыздар ал жакта баалар ошол бойдон калат, болгону накталай эмес төлөмгө өткүлө деп атат», — билдирди Аскат Алагөзов.

Ал ошондой эле ачык маалыматтарда «Тулпар» карточкаларынын маселеси 2019-жылда эле башталганын да айтып өттү.

«Президент Садыр Жапаровго эч кандай айырмасы жок компаниябы же жеке жакпы, ал турсун башка планетадан болобу, «Тулпар» картасы болобу же каалаган банктын картасы болобу башкысы накталай эмес төлөм жүргүзүү системасы үзгүлтүксүз иштесе болду.

«Темиров Live» боюнча айтсам алар жок нерсени бар дегенге өтүп алышты. Алардын материалдары
далилсиз жана курулай дооматтар экени дагы бир ирет айкын болууда. Ал болгону бир тараптуу жана далилсиз айыптоолор менен саясат жасап жатат», — деп кошумчалады президенттин басма сөз катчысы.

Белгилей кетсек, Темиров Live жарыялаган видеодо «Тулпар» төлөм системасы жеке менчик компанияга таандык экени жана ал компаниянын бир бөлүгү Кипрде катталганы тууралуу айтылган.

Copyright © 2017 Maral FM