Биз менен байланышыңыз

Замирбек Базарбеков Жогорку соттун төрагалык кызматынан кетти

Кыска кабар | 11 Окт 2024 | 112 | 0

Судьялар кеңешинин сунушу боюнча Замирбек Базарбеков Жогорку сотунун төрагасы кызматынан өз каалоосу боюнча мөөнөтүнөн мурда бошотулду. Кызматтан бошотуу тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жогорку Кеңеш 10-октябрдагы жыйынында Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбековдун кызматтан кетүү боюнча арызын колдогон.

Базарбековдун отставкасы тууралуу арызын кабыл алууга 66 депутат «макул», бир депутат «каршы» добуш берди.

Соттор кеңеши 9-октябрдагы отурумунда Замирбек Базарбековдун судьялык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө арызын канааттандырган.

Замирбек Базарбеков 9-октябрда Жогорку соттун төрагасы кызматынан кетүү боюнча арыз жазды. Төрагалыкка ким сунушталып жатканы азырынча белгисиз.

Замирбек Базарбеков Жогорку соттун төрагалыгына 2022-жылы февралда президент Садыр Жапаровдун буйругу менен дайындалган.

Конституцияга ылайык, Жогорку соттун төрагасы 5 жылдык мөөнөткө дайындалат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM