Биз менен байланышыңыз

Бишкек ШИИБ бокс клубундагы ок атышуу боюнча маалымат берди

Кыска кабар | 10 Окт 2024 | 387 | 0

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы 7-кичирайондо болгон атышуу тууралуу алгачкы маалыматтарды берди.

Анда куралдуу кол салуу бизнес өнөктөштөрдүн чырынан улам келип чыкканы айтылат. Окуя болгон жерде бир адам каза тапты.

Башкармалыктын маалыматына караганда, бүгүн, 10-октябрда бокс клубдардын бирине куралчан топ бастырып кирип, Бокс боюнча улуттук кураманын машыктыруучусу Жылдызбек Ниязалиевге ок чыгарган. Натыйжада анын эки жардамчысы да оор жаракат алганы айтылууда. Конфликт бокс боюнча машыктыруучу менен мурдагы мушкердин ортосунда болгон. Маалыматтарга караганда, экинчиси жакында абактан чыккан.

Окуя болгон жерде милициянын ыкчам-тергөө тобу иштеп жатат. Бардык жагдайлар такталууда. Бишкекте «Перехват» планы жарыяланды.

Copyright © 2017 Maral FM