Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы Чолпон-Ата шаарында окуучу кыздардын мушташы тартылган видео боюнча комментарий берди.
Маалыматка ылайык, 2-октябрда Чолпон-Атадагы мектептердин биринин 8-классынын окуучулары 12 жаштагы окуучу кызды мектептин дааратканасында сабап, денесине жаракат келтиргени аныкталган.
Ушул эле окуучулар 9-октябрь күнү белгисиз себептер менен 2012-жылы туулган башка окуучуну бетке чаап кетишкен.
Бул фактылар Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмүндө катталып, териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.
Райондук милициянын жаш өспрүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын аймактык тескөөчүлөрү кыздарды сабаган деген окуучуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат.