Биз менен байланышыңыз

Он бир журналисттин иши: Сот экөөнү абакка кесип, жетөөсүн актады

Кыска кабар | 10 Окт 2024 | 323 | 0

Бишкектин Ленин райондук соту 10-октябрда Temirov Live жана “Айт, айт десе” долбоорунун 11 журналистине чечим чыгарды.

Махабат Тажибек кызы Кылмыш-жаза кодексинин 41-беренеси «Кылмышка кошо катышуучулардын түрлөрү» жана 278-беренеси  «Массалык башаламандыктар» күнөөлүү деп табылып, алты жылга эркинен ажыратылды.

Азамат Ишенбековду 5 жылга эркинен ажыратуу, Актилек Капаров менен Айке Бейшекееваны үч жылдык пробация менен сот залынан бошотуу өкүмү жарыяланды.

Калган үй камагындагы журналисттер кылмыштын курамы жок экендигине байланыштуу акталды. Тинтүү, тергөө иштеринин жүрүшүндө алынган буюмдар, документтер жабырлануучуларга кайтарылып берүү чечими  чыкты.

3-октябрдагы отурумда айыпталуучулар акыркы сөзүн сүйлөгөн. Мамлекеттик айыптоочу башаламандыкка айыпталган 11 журналисттин ар бирин алты жылдан абакка кесүүнү сураган.

Быйыл 16-январда «Айт, айт десе», «Темиров LIVE» долбоорлорунун мурдагы жана азыркы кызматкерлеринин үйлөрүндө тинтүү жүрүп, суракка алынган. Аларга Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгү (мамлекеттик кызматкерлердин мыйзамдуу талаптарына активдүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыкка, ошондой эле жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар) менен айып тагылган.

Камакка алынган он бир журналисттин жетөө үй камагына чыккан.

Copyright © 2017 Maral FM