Биз менен байланышыңыз

6-ноябрда Бишкекте Түрк мамлекеттер уюмунун саммити өтөт

Кыска кабар | 1 Ноя 2024 | 80 | 0

6-ноябрда Бишкекте Түрк мамлекеттер уюмунун XI саммити өтөт. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

Саммиттин темасы «Түрк дүйнөсүнүн күчтөнүшү: Экономикалык интеграция, туруктуу өнүгүү, санариптик келечек жана бардыгы үчүн коопсуздук» болот.

Өлкөлөрдүн лидерлери ТМУнун алкагында көп тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулашат, уюмдун учурдагы күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча чечимдерди кабыл алышат, ошондой эле бир катар көп тараптуу документтерге, анын ичинде саммиттин жыйынтыктоочу Декларациясына кол коюшат.

Саммиттин жыйынтыгы боюнча 2025-жылга Түрк мамлекеттер уюмуна төрагалык кылуу Кыргыз Республикасына өтөт.

Кыргызстандын уюмга төрагалыгы мезгилинде мүчө мамлекеттердин ортосундагы байланыштарды чыңдоо, экономикалык өсүш жана региондо жашоо деңгээлин жогорулатуу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүү боюнча бир катар иш-чараларды өткөрүү пландаштырылган.

Саммитке уюмга мүчө беш мамлекеттин — Түркия, Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстандын башчылары, ошондой эле Уюмдун байкоочу өлкөлөрүнүн лидерлери катышат.

Copyright © 2017 Maral FM