Биз менен байланышыңыз

Байден Израилдин Иранга жооп кайтаруу аракетин колдобойт

Дүйнө , Кыска кабар | 10 Окт 2024 | 349 | 0

АКШнын президенти Жо Байден менен Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху 9-октябрда Израилдин Иранга каршы потенциалдуу өч алуу аракеттерин талкуулашты. Ошол эле учурда Хезболла Израилдин согушкерлери чек араны бойлоп келе жаткан күчтөрүн артка сүрүп жатканын билдирди.

Тегеран Израилдин Ливандагы “Хезболла” тобун алсыратууга багытталган аракеттерин күчөтүшүн кескин сынга алды.
Байден менен Нетаньяху Израилдин пландарын телефон аркылуу сүйлөшүп, 30 мүнөт талкуулаганын ак үйдүн маалымат кызматы билдирди.
Ак үйдүн басма сөз катчысы Карин Жан-Пьер журналисттерге талкуу «түз жана абдан жемиштүү» болгонун айтып, эки лидердин ортосунда пикир келишпестиктер бар экенин ачыктады.

Нетаньяхунун маалымат кызматы телефон чалууну тастыктап бирок эмне тууралуу талкуу болгонун ачыктаган эмес. Израилдин БУУдагы элчиси Дэнни Данон журналисттерге эки лидердин сүйлөшүүсү болгонун жана Израиль АКШнын колдоосун жогору баалай турганын билдирди.

Ак үйдүн билдирүүсүндө, Байден Ирандын Израилге жасаган чабуулун  айыптап, Газа тилкесинде дипломатияны жаңыртууга чакырды жана Израиль Хезболладан өзүн-өзү коргоого укуктуу деп белгиледи.

Байден менен Нетаньяхунун мамилеси Израилдин Газа тилкесиндеги жана Ливандагы аракеттеринен улам чыңалган.
Израиль Ирандын ракеталык чабуулдары үчүн жооп кайтарууга убада берген. Тегеран эгер Израиль жооп кайтарса анын кесепети мунай өндүрүүчү чөлкөмдө ири кыйроолорго алып келип, согуштун масштабы кеңейип ага АКШ дагы аралаша турганын билдирген.
Байден өткөн аптада комментарий берип, Израилди Ирандын мунай кендерине жана өзөктүк объектилерине сокку уруусун колдобой турганын айткан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM