Биз менен байланышыңыз

Беш университетти заманбап лабораториялар менен жабдуу үчүн миллион доллардан бөлүнөт

Кыска кабар | 9 Окт 2024 | 156 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Мюнхендеги университетте «Валднер Холдинг» (Waldner Holding SE & Co. KG) компаниясынын башкармалыгынын төрагасы Йохен Фрю менен жолугушту.

«Валднер Холдинг» компаниясы лабораторияны кеңири спектрдеги изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн заманбап жабдуулар менен жабдуу долбоорун ийгиликтүү ишке ашырган.

МинКаб башчысы Кыргызстан менен компаниянын билим берүү тармагындагы кызматташтыгынын маанилүүлүгүн белгиледи. Ошондой эле Кыргызстандын беш университети үчүн химия жана физика лабораторияларын кайра жабдуу боюнча пилоттук долбоор ийгиликтүү ишке ашаарына ишеним билдирди.

«Биз университеттердин ар бирине 1 миллион доллар бөлүүнү пландап жатабыз, долбоорду Кыргыз мамлекеттик техникалык университети менен бирге баштоону пландап жатабыз», — деди Акылбек Жапаров.

Министрлер кабинетинин төрагасы иш сапары менен Германиянын Мюнхен шаарына 9-октябрда барды. Сапардын алкагында Мюнхенде өтө турган «Кыргызстандын экономика күнү» деген темада кыргыз-герман бизнес-форумуна, ошондой эле кыргыз-герман ишкерлер кеңешинин жыйынына катышат.

Ошондой эле, эки тараптуу жолугушууларды өткөрүп, ар кандай ишканаларды кыдырат.

2023-жылдын ноябрында жана 2024-жылдын июнунда «Кыргызстандын экономика күнү» форматындагы бизнес форумдар буга чейин Гамбург жана Франкфурт шаарларында өткөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM