Биз менен байланышыңыз

Улуттук илимдер академиясынын мурдагы кызматкери сот залынан бошотулду

Кыска кабар | 31 Окт 2024 | 130 | 0

Бишкектин Биринчи Май райондук соту Улуттук илимдер академиясынын мурдагы кызматкери Жоомарт Карабаевди эч жакка чыкпоо тил каты менен сот залынан бошотту.

Сот отуруму 31-октябрда өттү. Жоомарт Карабаев соттун чечими туура болгонун, бийликти күч менен басып алууга, элди массалык башаламандыкка чакырбаганын айтты.

«Алдыдагы соттук териштирүүдө да мыйзамдуу чечим чыгарат деп ишенем», — деди Жоомарт Карабаев журналисттерге.

Быйыл 2-июлда Улуттук илимдер академиясынын мурдагы кызматкери Жоомарт Карабаевдин кармалганы белгилүү болгон. Ал Кылмыш-жаза кодексинин «Массалык баш аламандыктар» беренеси менен айыпталган.

Карабаевдин камакка алынышына анын социалдык тармактардагы билдирүүлөрү себеп болгон.

Жазуучу Олжабай Шакирдин иши боюнча буга чейин көрсөтмө берген.

Copyright © 2017 Maral FM