Connect with us

Айдоочулук күбөлүк алуу үчүн теориялык экзаменди жөнөкөйлөтүү сунушталды

Кыска кабар | 31 Окт 2024 | 194 | 0

Депутат Бакытбек Марипов айдоочулук күбөлүк алуу үчүн теориялык сынактын суроолорун жөнөкөйлөтүүнү сунуштады.

Бул тууралуу ал парламенттин 31-октябрдагы жыйынында айтты. Депутат маселени карап чыгуу өтүнүчү менен «Унаа» ишканасына кайрылды.

«Айдоочулук күбөлүк алуу абдан кыйын болуп калды. Практикалык жактан жакшы иштегендер да теориялык суроолордон айлып, жылдап экзамен тапшырып өтпөй жатышыптыр. Абдан татаал суроолор, ушуну жеңилдетсек» , — деди депутат.

Маалыматка караганда, быйыл жыл башынан бери айдоочулук күбөлүк алуу үчүн сынактарга 345,8 миң адам катталып, анын 61,3 миңи ийгиликтүү тапшырган, 210,6 миңи тесттен өтө албай калган.

Кыргызстандык жаран айдоочулук күбөлүк алуу үчүн 28 жолу сынак тапшырган

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM