Биз менен байланышыңыз

Депутаттардын ишине баа берген аткаминерге чара көрүү талап кылынды

Кыска кабар | 9 Окт 2024 | 181 | 0

Жогорку Кеңештин 9-октябрдагы жыйынында бир катар депутат министрлер кабинетинин жетекчисинин орун басары Бакыт Төрөбаевден депутаттардын ишине баа берген аткаминерди жоопкерчиликке тартууну талап кылышты.

Депутат Марат Мураталиев Талас облусунда Көпүрө-Базар айылындагы ооруканада саламаттыкты сактоо министри менен биргеликте тургундар менен жолугушуу болгонун айтты. Анда мамкурулуштун жетекчисинин орун басары депутаттардын мамлекеттик мекемеге кирүүсүндө алардын жетекчилеринин уруксаты керектигин айткан.

«Мага Мамкурулуштун жетекчисинин орун басары телефон чалып, эмнеге ал жакка бардыңар деп атат. Эмнеге киресиңер деп атат. Биз депутаттар эл менен кайсы жерде болсо да жолугууга укугубуз бар» ,  деди депутат жана бул маселени кароону өтүндү.

Депутат Дастан Жумабеков эгер бул учур тастыкталса, Мамкурулуштун жетекчисинин орун басарына чара көрүүнү талап кылды. Депутаттын статусу тууралуу мыйзам бар экенин, мамлекеттик органдардын жетекчилерине мыйзам менен таанышууну сунуштады.

Министрлер кабинетинин жетекчисинин орун басары Бакыт Төрөбаев жогоруда айтылган аткаминерге карата кызматтык иликтөө жүрөрүн билдирди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM