Биз менен байланышыңыз

Салык декларациясын тапшырбаган кызматкерлерге 6 млн сом айып салынды

Кыска кабар | 9 Окт 2024 | 84 | 0

Салык декларациясын тапшырбаган жана туура эмес тапшырган 2 511 адамга 6 млн сом айып салынды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы кабарлады.

2024-жылдын 9 айында Кыргызстандын салык мыйзамдарынын аткарылышы боюнча, тактап айтканда, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин бирдиктүү салык декларациясын тапшыруусуна карата текшерүү жүргүзүлдү.

Жыйынтыгында 2023-жыл үчүн бирдиктүү салык декларациясын тапшырбаган, белгиленген мөөнөттү бузуу менен тапшырган жана туура эмес маалыматтарды көрсөткөн жалпы 2 511 кызматкерлерге карата Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 438-беренесинин негизинде укук бузуу өндүрүштөрү козголуп, материалдар сот органдарына кароо үчүн жиберилген.

Натыйжада 1 510 кызмат адамы жалпы суммасы 6 млн 40 миң сомду түзгөн айып пул түрүндөгү жаза чарасына тартылышты. Ал эми калган кызматкерлердин иши кароо стадиясында.

Copyright © 2017 Maral FM