Баткен облусунун түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгына карата бир катар иш-чара өткөрүү пландалганын президенттин аталган аймактагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.
12-октябрда саат 09:30да Апаз Жайнаков атындагы Баткен облустук музыкалык драма театрынын алдында ишкерлердин жана бизнес өнөктөштөрдүн көргөзмө-жарманкеси башталат.
Саат 10:30да «Баткендин өнүгүүсү-өлкөнүн өнүгүүсү» аталышында эл аралык инвестициялык форум өтөт.
13-октябрда саат 9:30да музыкалык драма театрдын алдында облустун аймагындагы жогорку окуу жайлардын жетишкендиктери жөнүндө көргөзмө өтөт. Саат 10:00дө ушул эле жерде илимий-практикалык конференция уюштурулат. Ушул эле саатта шаардын борбордук стадионунда улуттук классикалык кыргыз күрөшү боюнча мелдеш башталат. Башкы байге автоунаа.
15:00дө борбордук стадиондо боз үйлөрдүн, улуттук кол өнөрчүлүк жана улуттук тамак-аш көргөзмөсү өтөт.
17:00дө борбордук стадиондо майрамдын салтанаттуу бөлүгү башталат.
14-октябрда Баткен облусунун 25 жылдыгына карата 25 обьектинин ачылуу аземи жер жерлерде өтөт.