Биз менен байланышыңыз

Оорукана жетекчилерине менчик клиникаларда иштөөгө тыюу салуу сунушталды

Кыска кабар | 7 Окт 2024 | 115 | 0

Оорукана жетекчилерине жеке клиникаларда иштөөгө тыюу салган мыйзам долбоору сунушталды. Жогорку Кеңештин социалдык саясат боюнча комитетинин 7-октябрдагы жыйынында долбоор биринчи окууда каралып, колдоо тапты.

Демилгечи депутаттардын бири Айсулуу Мамашова ооруканалардын жетекчилери башка жеке менчик клиникаларда иштеп, алаксыбай, өзү иштеген оорукананын ишин алга жылдырууга аракетенүүсү керектигин айтты.

«Оорукананын жетекчилери бир эле учурда эки жерде иштеп, кызыкчылыктардын кагылышуусуна дуушар болушу мүмкүн. Алардын жеке кызыкчылыктары бейтаптардын, оорукананын жана мамлекеттин кызыкчылыктарына каршы келиши мүмкүн. Көп жетекчилер бейтаптарга өзүнүн клиникасына барса операцияны эртең жасайм деп, эгер мамлекеттик ооруканадан жасатсаң бир айдан кийин жасайм деген шылтоону айтышат. Алар түнү менен өз клиникасында иштеп, эртеси мамлекеттик ооруканада кандай иштейт, иштин сапаты кандай болот. Ал өзүнүн клиникасынын кызыкчылыгын көздөйт. «, — деди Мамашева.

Ошондой эле мыйзам боюнча бир жетекчи эки жолу беш жылдан жетекчилик кызматты аркалоого уруксат берилет.

Жыйында депутат Элдар Абакиров оорукананын жетекчилеринин айлык акысын көтөрүп, беш жылдан бир эле жолу жетекчилик кызматка дайындоо тууралуу сунушун айтты.

«Азыркы учурда 20-25 миң сомго адистер иштебейт. Мыйзам туура эле, кызыкчылыктардын кагылышуусу деген жаман нерсе. Алар деле мүмкүн бейтаптарды байкап туруп өзүнүн клиникасына буруп кетет. Мамлекеттик ооруканалардын жетекчилеринин айлыгын жакшыраак кылып көтөрүп туруп ушул мыйзамды киргизсек, ошондо жакшы иштейт деп ойлойм. Болбосо азыр кесипкөй адистин баары кетип калат же чоң коррупция болот», деди депутат.

Саламаттык сактоо министринин орун басары учурда оорукана жетекчилеринин айлыгы орто эсеп менен 20-25 миң сом экенин билдирди. Ал эми бөлүм башчылардын орто эсеп менен 30 миң сомго чейин.

Депутат Айбек Тураталиев аталган мыйзамга бөлүм башчыларды киргизүү керектигин айтты.

Бүгүнкү күндө өлкө боюнча жалпысынын 193 мамлекеттик оорукана бар.

Copyright © 2017 Maral FM