Биз менен байланышыңыз

Президент: «Манас» аэропортунун кирешеси төрт жылда 6 млрд сомго жетти

Кыска кабар | 7 Окт 2024 | 113 | 0

Президент Садыр Жапаров «Манас» эл аралык аэропортунун кирешеси төрт жылда 2 млрд сомдон 6 млрд сомго чейин көбөйгөнүн белгиледи.

Ал бул тууралуу бүгүн, 7-октябрда, Жарандык авиация күнүнө карата куттуктоосунда айтты.

Президент Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги Эл аралык жарандык авиация уюмунун  аудитинен ийгиликтүү өткөндүгү, Кыргызстандын авиациясы бардык эл аралык стандарттар менен талаптарга жооп берет дегенди билдирээрин кошумчалады.

«Ошону менен катар Кыргызстандын өнүктүрүүнүн улуттук программасынын алкагында бүгүнкү күндө «Манас» эл аралык аэропортунун жеке каражатынын эсебинен «Кербен», «Каракол», «Талас», «Нарын» жана «Казарман» аймактык аэропорттору толугу менен оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, четинен колдонууга бериле баштады. Ал эми аба кемелери паркыбыз жаңы учактар менен толукталып, жаңыртылууда.

Мындан тышкары, жаңы эл аралык «Жалал-Абад» аэропортун куруу маселеси иштелип жатат.

Соңку жылдары жаңы багыттар ачылып, Кувейт, Түштүк Корея, Азербайджан, Сауд Аравиясы менен аба каттамдары жолго коюлду. Натыйжада жүргүнчүлөрдүн агымы барган сайын артып барат. Бул дагы өлкөбүздүн эл аралык кызматташтыгын бекемдөөнүн үстүндө иштер кызуу жүрүп жаткандыгын күбөлөйт», — дейт Садыр Жапаров.

Президенттин сөзүнө караганда, 2019-жылы «Манас» эл аралык аэропортунун таза кирешеси 2 млрд 108 млн сомду түзсө, 2023-жылы таза кирешеси 6 млрд. сомго жетип, өсүү темпи 52 % түзгөн.

Copyright © 2017 Maral FM