Биз менен байланышыңыз

Зеленский: Украина Түндүк Корея менен согушууга аргасыз болот

Дүйнө , Кыска кабар | 27 Окт 2024 | 75 | 0

Украинанын президенти Владимир Зеленский өз кайрылуусунда өнөктөштөрүн Орусияга көбүрөөк кысым көрсөтүүгө жана Украинага жакынкы күндөрү Түндүк Кореянын аскерлери Украинага каршы согушка кириши ыктымалдуулугун айтып, өнөктөштөрүн Украинага көбүрөөк колдоо көрсөтүүгө чакырды.

Ошондой эле Зеленский Орусия менен Түндүк Корея санкцияларды айланып өтүүгө биргеликте аракет кылып жатканын жана жакынкы күндөрдө Түндүк Кореянын жоокерлери согуш талаасында Украинага каршы болушу мүмкүн экенин айтып, Украина иш жүзүндө Түндүк Корея менен согушууга аргасыз болоорун билдирди.

Мындан тышкары Зеленский  Дүйнөдө согушту токтотуш үчүн абстракциялык сөздөр эмес, конкретүү кадамдар керек экенин белгиледи.

Буга чейин 25-октябрда Орусиянын президенти Владимир Путин Түндүк Кореянын аскерлери Орусияда экенин тастыктаган. Бирок ал Пхеньян менен тышкы агрессиядан өз ара коргонуу пунктун камтыган келишимди ишке ашырууну Москванын өзүнүн иши экенин атаган.

Украинанын чалгындоо кызматы 24-октябрда Түндүк Кореянын 12 миңдей аскери, анын ичинде 500 офицер жана үч генерал Орусияда беш аскерий базада машыгуудан өтүп жатканын билдирген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM